Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн айдоочуларга төмөндөгү эрежелерди так сактоого чакырат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
- Унаага отурганда сөзсүз коопсуздук курун тагынуу зарыл;
- Унааны башкаруу учурунда башка нерсеге алагды болуп же чөнтөк телефонду колдонууга тыюу салынат;
- Мас абалында автоунаа башкаруу көптөгөн кырсыктардын жана кылмыштардын башталышы экендигин унутпаңыз;
- Сиздин астыңыздагы унаага эч качан кепилдик бере албайсыз, андыктан астыдагы аралыкты сактаңыз;
- Шашкан шайтандын иши, ошондуктан ылдамдыкты көрсөтүлгөн белгиден ашырбаңыз;
- Айдоочуга сырткы көрүнүш тоскоолдук жаратпашы үчүн унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын күңүрттөп же караңгылатып айдабоо зарыл;
- Эң негизгиси унаага отурарда техникалык унаанын техникалык абалына көңүл бурганыңыз оң.
Жогорудагы көрсөтүлгөн эрежелер жөнөкөй болгону менен жол унаа кырсыктарынын алдын алууда чоң көмөк көрсөтөрүн унутпаңыз!