Асылбек Жээнбеков менен Канаданын Кыргызстандагы элчиси "Кумтөр" маселесин талкуулады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 28-октябрда Канаданын Кыргызстандагы элчиси Стефан Милларды кабыл алды. Төрага Канада менен эки тараптуу жылуу мамилелерди өнүктүрүү зарыл экенин белгилеп, элчинин ишине жогору баа берди. 2010-жылдагы капсалаңдуу окуяларга байланыштуу 2 миллион доллар өлчөмүндө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Канада өкмөтүнө ыраазычылык да билдирди.

Миллар Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан парламенттик демократияны куруу иштерин жогору баалай турганын билдирди. “Мен Кыргызстанда иштеп, сиздердин өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн күбөсү болгонума кубанычтамын”,- дейт ал.

Тараптар “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу маселесин да талкуулап, мындан ары достук байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди өркүндөтүү жаатында биргелешип иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан