Индияда чагылган түшүп, 70тен ашуун адамдын өмүрү кыйылды

Индиянын Уттар-Прадеш, Ражастхан жана Мадхья-Прадеш штаттарында чагылгандын кесепетинен акыркы суткада кеминде 72 адам каза болуп, ондогон адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акыркы сутка ичинде Канпур жана Праяграж аймактарында, анын ичинде Фатехпур районунда 42 адам чагылгандан каза болгон. Ражастхан штатындагы Жайпур шаарында 23 адам, ал эми Мадхья-Прадеш штатында 7 адам табигый кубулуштун курмандыгы болушкан.

Ражастхан штатынын башкы министри Ашок Гелот айткандай, чагылган түшкөндө каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жергиликтүү бийлик тарабынан 500 миң рупий (болжол менен 6 миң 700 доллар) өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилет.

Буга чейин Индияда сүрөткө түшүп жаткан 11 адамга чагылган тийип каза болгондугу кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан