Биз социалдык тармакта

Аксы: Селден бир үй-бүлөнүн 5 кыздан кийин көргөн 12 жаштагы уулу көз жумду

Аксы районунун Ак-Жол айылында болгон селден бир үй-бүлөнүн 5 кыздан кийин көргөн 12 жаштагы уулу каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айылдык кеңештин төрагасы Жалынбек Алыбаев билдирди.

"Сел алып кеткен үйдө негизи эч ким жашачу эмес. Үй ээлери жайында эс алганы гана барып жашашчу. Кырсык болгон күнү бир киши уулу менен мал караганы барып, жамгырда уулун ошол үйгө кирип тур деп киргизген экен. Өзү кырга мал караганы бара жатса эле сел үйдү түп тамыры менен агызып кетиптир. 12 жаштагы бала бир үй-бүлөнүн 5 кыздан кийин көргөн уулу болгон, андан кийин 5 жаштагы иниси бар. Ал бүгүн, 13-июлда саат 15:00дө жерге берилет. Ал эми 6 адам каза болгон үйдө бир аял 4 небереси жана бир кызы менен болгон. Алар саат 16:00дө жерге берилет. Ал эми 2 жарым жаштагы кызды издөө иштери уланууда", - дейт Алыбаев.

Эске салсак, кечээ, 12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, ӨКМнын берген маалыматы боюнча, 7 адам каза болуп, алардын алтоосунун сөөгү табылгандыгын билдирген. Ал эми SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун 9 адамдын каза болгондугун айтып берген.

Бүгүн, 13-июлда ӨКМнын маалымат кызматынан жалпы 8 адамды сел агызып кеткенин, анын ичинен 6 адам табылганын билдиришти.
Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы селдин кесепетин кыска убакыт аралыгында жоюу боюнча тапшырма берип, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.


Аксыда сел 8 адамды агызып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Бектурган
2021-07-13 13:05:32
Эххх, шейиттер...
+3
gulia90
2021-07-13 13:18:37
Ото окунучтуу, курила дооматтан, айтырбай келген кырсыктан сактасын аллахым. Бейиштен орун берсин((((
+5
only_progress
2021-07-13 14:20:22
Кудайым айттырбай келген кырсыктан сактай кор.
+2
Nina.alex
2021-07-13 17:12:38
Желектерди тушуруп аза кутуш керек болчу олко боюнча
+1
din_tomas
2021-07-13 17:22:45
Кечээ Тажикистанда жер титирөө болуп, 7 адам каза болгондо, тажиктин маалымат баракчаларында кыргызың табалап жатып калды эле комментарийлер менен. "Алланын жазасы, ана тажик кырылып кал, мына тажик, калбай кал, Аллах биз тарапта, көрдүңбү тажик" деп. Астагфиралла. Кечир пендеңди
+3
Bolotbek9191
2021-07-14 11:21:14
Аллахым бейиштен орун берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан