Биз социалдык тармакта

Эверестти багындырган Эдуард Кубатов Алтын орден менен сыйланды

Эверест чокусуна чыккан Эдуард Кубатов Улуттук олимпиада комитетинин Алтын ордени менен сыйланды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жарыялады.

Ага сыйлыкты Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти, Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов тапшырган.

"Алтын орден бул Эверестке чыккандыгы үчүн өлкөнүн Олимпиада комитетинин эң жогорку сыйлыгы. Мага ушундай жогорку жана баалуу орден тапшырып, көңүл бургандыгы үчүн Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетине ыраазымын", - деп жазган Кубатов.

Белгилей өтсөк, 23-май күнү Эдуард Кубатов "Эверест 1" экспедициясынын курамында дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2021-07-13 13:50:59
Куттуктайбыз. Сыйлыгыныз кут болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан