Филология илимдеринин доктору, академик Бүбүйна Орузбаева дүйнөдөн кайтты

Филология илимдеринин доктору, академик Бүбүйна Орузбаева кечээ, 28-октябрда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ММКларга анын сиңдиси Чынар Орузбаева билдирди. Анын айтымында, академик жарым жылдан бери ооруп жүргөн. Көзү тирүү болсо, быйыл 20-декабрда 89 жашка чыкмак. Анын тажиясы эртең, 30-октябрда өтөт. Академиктин керээзи боюнча анын сөөгүн Байтик айылына коюшат. Бүбүйна Орузбаева:
1945-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.

1951-54-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил, адабият институтунун кенже, улук илимий кызматкери;1954-56-жылдары директордун илимий иштер боюнча орун басары; 1956-59-жылдары грамматика секторуна башчы; 1959-62-жылдары директор; 1962-76-жылдары ошол институттун түркология жана терминология секторлоруна башчы; 1976-87-жылдары Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору; 1987-жылдан КРнын Улуттук илимдер академиясынын Тил, адабият институтунда бөлүм башчы; 1984-жылдан КРнын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун мүчөсү. Анын илимий эмгектери кыргыз грамматикасына, лексикология жана лексикографияга, кыргыз тилинин тарыхына, кыргыз терминологиясына, тил аралык байланышка, тил илиминин жана айрым түркологиянын маселелерине арналган.Эскерте кетсек, Бүбүйна Орузбаева 1924-жылы 20-декабрда Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Чолпон айылында туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан