Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам коңшу Өзбекстандын Наманган облусунун Касансай шаарында сел жүрүп, анын кесепетинен 8 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 13-июль күнү саат 13:30 чамасында Касансай шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Касансай дарыясынын жээгинен ашып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кырсыктын кесепетинен 8 жергиликтүү тургун каза болуп, 6 адам жаракат алган.
Учурда издөө иштери улантылууда.