Бишкек шаарында эртең, 30-октябрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Алардын маалыматы боюнча, таза суу берүү: Фучик жана М.Фрунзе көчөлөрү, Манас проспектиси, анын ичинде №2 клиникалык төрөт үйү, №8, 72, 164, 165, 51-балдар бакчалары, №3 "Балдарды коргоо борбору" бала бакчасы, Илимдер академиясы, №9, 13, 31, 8, 2-орто мектептер, Бишкек финансы-экономикалык академиясы, Кыргызстандын эл аралык университети, Бишкек троллейбус башкармалыгы, №1-шаардык клиникалык ооруканасы, Ленин райондук соту, №100 кесиптик билим берүүчү окуу жайы, Бишкек шаардык башкы архитектурасы менен темир жол линиясынын тегерегинде жайгашкан турак үйлөрдө токтотулат. "Бишкексууканал" элге, уюмдарга жана мекемелерге таза сууну камдап алууну эскертет.