Москвадагы мигранттардын массалык мушташы: Катышкандарга айып салынып, өлкөдөн чыгарылат

Москвадагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында мигранттардын массалык мушташына катышкандар өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Кузьминкидеги" мушташтан кийин 103 адам полиция кызматына жеткирилген.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин борбордук штабы билдиргендей, мушташтын катышуучулары соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылат. Мындан тышкары аларга административдик айып салынып, айрым жарандардын Орусияга келишине тыюу салынат.

Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.

Ал эми окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.

Андан кийин мушташ кыздардын айынан келип чыккандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Antiradikal3
2021-07-14 10:16:57
Баягы эле шордуу кыргыз эли экен да. Орустар же башкалар Кыргызстанга келип, кыргыздарды сабап же олтурсо да биздин бийлик оозун ачып карап турчу кормоксонго салып. Эми Россияда урушту деп депорт кылып жатса биздин бийлик оозун ачып отурса. Качанкыга чейин окенлердин оозун карап отура берет биздин акмак бийлик?!!
+1
KG_CH
2021-07-14 10:36:09
Antiradikal3, Койчу ай андай чон мамлекеттерге биз кынк эте албайбыз да, оозубузду ачмак тугул оозун карап журо беребиз.
-1
Dalil
2021-07-14 12:55:36
Antiradikal3, текшеруу башталды. База обновления болуп данныйларынар базадан чыкпай жатат деп отделениелерге жеткирип. Рапорт толтуруп текшерип жатат. Ар бир метро станцияларда ушундай болуп жатат
0
Abdalimov-Mili
2021-07-14 11:05:27
Причём мамлекет аларды барып мушташ дептирби ? Туугандар биз иштеп акча калганы келгенбиз. Ботон жерде герой болбой эле , неге келсек ошону кылып эле кете бербейлиби? Биз жакшы жагыбызды корсотуп пример боло турган адамбызго. Жакшы жака онугойлу жигиттер. Ал кыздарга Аллахым хидаят берсин.
+7
Antiradikal3
2021-07-14 14:40:43
Abdalimov-Mili, эмнеге мынча тушунугун тайыз ыя? Ботон жерге барса эле койдон жоош болуп ляппай деш керекпи? Ичип алып мас болуп тополон салышпагандан кийин. Сен озу намыс деген тушунукту билбесен да керек. Коншундун кызы ойношу менен жетелешип бара жатса мага не деп уйуно кирип кетсен керек. Намыс деген тушунук болбогондон кийин оозунарды ачпасанар да болот.
+2
akinaika
2021-07-14 11:29:45
Ыйолки палки! Ботон жерде жоооон эле журсонор болбойбу сыволуштар. Ушундай кумалактардын айынан баардык кыз-келиндерди Орусияда ушинтип журот деп ойлошот! Ал эми Орусияда биздин улутту жаман корушот. Озу биздин жакшы жагыбыз барбы ыя?!
0
Ala.too.456
2021-07-14 12:00:23
Урушту баштап берген ошол кыргыз кыздар уялбай ушул жанктарды окуп коюп, бетин табактай кылып олтурушса керек. Ал тазиктерин оз жерине барып, РФ да кыргыз кыздар бекер-деп, мактанышат экен. Кыргыздар силерди кызганган жок, алар кыргыз намысы учун мушташты эле. Мына эми канча жигиттин ырыскысын буудунар. Силерге айта турган создорум коп элегоо просто силерге созда жалкода. Ошо тазиктерге турмушка чыгып, ошодон нары жок болуп кеткиле дейин десем, жанды кашайтып силерди тазиктер албайтда....
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан