Биз социалдык тармакта

Жапыкеев Жапаровго: "Мага деле генерал-майор наамын ыйгардыңыз, Ассоль Молдокматовага да наам берүүңүздү суранам"

Генерал-майор Сыймык Жапыкеев өлкө башчыдан Ассоль Молдокматовага сыйлык берүүсүн суранып, социалдык тармакка билдирүү жазды.

"Достор, бир колдоо кылгылачы. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиздин өлкөнү көтөрөм деген аракетиңизге биз ортоктошпуз. Сизден өтүнөт элек, бир чоң мамлекеттик сыйлык ээсин таппай жүрөт.

Сизге рахмат, мага деле генерал-майор наамын ыйгардыңыз. Өтө оор мезгилге туш келдиңиз, 30 жыл талкаланган, тонолгон унаага миндиңиз, баарын түшүнүп турабыз.

Ишиңизге ийгиликтер болсун. Ушул билдирүү Ассоль Молдокматова жөнүндө болмокчу. Бул айымдын кыргыз элине болгон эмгеги зор. 25 жылдан бери Ассоль элге пайдасын эле тийгизип келе жатат. Баткен болсо Баткенде, пандемияда биринчилерден болуп ыктыярчы болду, канча деген балдарды акча таап окутту, чокутту.

Орусияда Зайцев, Киркоров, Пугачеванын юбилейлери, тойлору биздин кыргыз кызыбыз Ассолсуз болбойт. Ассоль ошол жерде алып баруучу. Орусия менимче, маданияттын мыкты кызматкери наамын ыйгарды. Пандемияда Кадыровго, Путинге, Эрдоганга Ассоль кайрылуу жасаганда баары жооп беришти.

Көпчүлүк Ассоль шайлоого даярданып жатат деп ойлоду. Бирок ал саясаттан алыс. Азамат!

Урматтуу достор, чынын айтсам Ассолдун баркын кыргыздар билбей койдук. Ассоль, сизге мен өз атымдан рахмат айтам, ыраазычылык билдирем", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Infiniti075
2021-07-14 11:10:17
Койгулачы ушунунарды
-2
Adi010891
2021-07-14 11:37:17
Бизде мамлекеттик сыйлыктын деле баркы калбады, итпай чотпайдын баарына эле тапшырып атып баркы кетти!
+5
CAPATAH
2021-07-14 12:06:27
0
modem4999
2021-07-14 12:25:47
Мага деле бердиниз дегени жакты
+3
rysik79
2021-07-14 13:55:54
Жапыкештин генеральный прокурор болом деп прокуратурага кирип алганын эстесем күлкү келет. Эми тиги көк көз катынга жан тартып айла жоктон ган күлөсүң.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан