ИИМ академиясынын башчысынын орун басары 11 жылга кесилди

ИИМ академиясынын башчысынын орун басары Рахматулла Амираев 11 жылга эркинен ажыратылганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Чечимди Свердлов райондук соту чыгарды. Ал эми аталган академиянын жетекчиси Алмаз Базарбаевге 100 миң сом айып төлөтүү жана мамлекеттик кызматка 3 жылга чейин иштөөсүнө тыюу салуу чечими чыкты. Айта кетсек, булар коррупциялык кылмыш боюнча айыпталып, 2013-жылдын 13-мартында кармалышкан эле.  

Амираев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", Базарбаев "кызматтык шалаакылык" беренеси менен күнөөлүү деп табылды. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан