Белгилүү орусиялык блогер Илья Варламов Инстаграм баракчасына Кыргыз өлкөсүнө болгон сапарындагы эмоциялары менен бөлүштү. Бул ирет ал Оштон Бишкекке бараткан жолдогу кооздукка суктанган.
"Азыр сиздер мүмкүн болбогон ырахат көрөсүздөр! Бүгүн эртең менен мен жагымсыз күнгө даярданып жаткам, анткени мен Оштон Бишкекке унаа менен барышым керек болчу! Бул 650 чакырымдай болгон татаал жол. Айдоочу ойлонуп 12–14 саат деп айтты. Жалпысынан алганда, мени эртеден кечке чейин Ош-Бишкек жолдорунда ары-бери силкинип жүрүү кубандырган жок.
Бирок 17 сааттык саякаттан кийин менде болгон кубанычты сөз менен жеткире албайм. Бул сезим кулагы укпаган адамга музыка эмне экендигин же "Единая Россияга" таза шайлоо эмне экендигин түшүндүргөндөй. Мүмкүн эмес. Менин сөзүмө ишенгиле, мен көп жерлерде болдум, бирок Ош-Бишкек жолу эң кооз жолдордун бири.
Жолдо мага бактылуу жана боорукер адамдар жолукту. Алар боз үйдө үй-бүлөлөрү менен чогуу жашап, уй, жылкы багып, куурдак жеп, кымыз ичишет. Бакыт үчүн дагы эмне керек? Таптакыр башка жашоо. Сиз баары бир түшүнбөйсүз. О, кандай сонун күн!", - деп жазып калтырган.