Баласынын сүрөтүн көргөзүп, 20 провинцияны кыдырып чыккан. Кытайдын жараны уурдалган уулун 24 жылдан соң тапты

Кытайдын Гуо Гангтан аттуу тургуну 24 жыл мурун жоголгон уулу менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын баласын 1997-жылы 2 жашында Шандун провинциясындагы үйүнүн жанында ойноп жүргөндө уурдап кетишкени жазылат басылмаларда. Ошондон бери Гонтан топтогон акчасынын бардыгын уулун табууга сарптап, мотоцикл менен 500 миң чакырымдан ашуун өлкө ичиндеги жерлерди кыдырган. Ал уулунун сүрөтүн көргөзүп, 20 провинцияны кыдырып чыккан. Издөө убактысында Гонтан аварияга кабылып, бир нече жолу ууруларга туш болгон. Анын окуясынан "Жоголуу жана сүйүү" кинотасмасынын жаратуучулары кинонун башкы мазмунун алышкан.

Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин маалыматы боюнча, полиция кызматкерлери Гангтандын баласын ДНК анализинин негизинде баласы экендигин аныкташкан. Баланы бир аял уурдап кетип, андан кийин шериги менен бирге сатып жиберген. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан шектүүлөр кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан