Кинорежиссёр, актёр, Алла Пугачёванын мурдагы жолдошу Александр Стефанович көз жумду. Ал 76 жашта болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"Стефанович коронавирус илдетин жуктуруп алып ооруканага жаткырылган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, анын өпкөсүнүн көпчүлүк бөлүгү жабыркаган .
Актёрдун өлүмүнө анын кесиптеши Игорь Верник комментарий берген. Ал Александр Стефанович жашоону сүйгөн эң сонун адам болгонун белгилеген", - деп жазылат маалыматта.