Биз социалдык тармакта

Адинай Мырзабековага Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында эстелик орнотулду

Өткөн жылдагы пандемия учурунда Бишкектеги ооруканалардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жүрүп каза болгон студент Адинай Мырзабековага арналып Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында эстелик орнотулуп, ачылыш аземи болду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.

12-июлда Кыргыз мамлекетинин медициналык академиясынын жыйындар залында Адинай Мырзабекованын эстелигинин ачылышы болгон. Салтанатка окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова, университеттин жамааты, Адинайдын туугандары жана классташтары катышкан. Колодон жасалган бюстту Адинайдын 2021-жылы бүтүргөн группалаштары орнотушкан.

Адинай Мырзабекова 13-июлда коронавирус илдети кызып турган мезгилде көз жумган. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти болгон, пандемия учурунда Бишкектеги ооруканалардын биринде ыктыярчы болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Бектурган
2021-07-14 14:41:14
Мынтип, жанагы жомоктогу (Бабаяга) мастан кемпирдей кылып жасагандан көрө, жөн эле койсоңор болмок экен, вообще окшогон эмес. Ошол акчаңарга кыздын атынан чоң сооп иштерди жасап койсоңор ошолда соонун болмок, мынтип бутпарас болбой...
+2
zhaynak
2021-07-14 23:43:47
Бектурган, унчукпай эле койсонор жакшы болмок экен, алар да бии жакшы ой менен эле демилгелегендир дейм да, бутпарас болуп калалы дебегендии эч кимиси.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан