Орусиядагы кыргыз-тажик мигранттарынын ортосундагы массалык мушташка катышты делинип 70тен ашуун Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлап, кеңири маалымат таратышты.Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.
Ал эми окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.
Андан кийин мушташ кыздардын айынан келип чыккандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Орусиянын Ички иштер министрлигинин борбордук штабынан мушташтын катышуучулары соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылат. Мындан тышкары аларга административдик айып салынып, айрым жарандардын Орусияга келишине тыюу салынарын кабарлашкан.