Биз социалдык тармакта

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги: "Сабиздин баасы 45 сомго чейин төмөндөдү"

Өлкөдө сабиздин баасы турукташа баштады. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, учурда 1 килограмм сабиздин баасы базарда 45-50 сом, соода дүкөндөрүндө 60-70 сом болууда.

Агенттиктин маалыматына караганда, "Сары-Өзөн" базарында жуулбаган сабиздин килограммы 45 сом, жуулганы 50 сом, ал эми соода дүкөндөрүндө жана башка базарларда 60-70 сом.

"Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин аймактардагы бөлүмдөрү социалдык маанилүү азыктардын бааларына аптасына 2 жолу көзөмөл жүргүзүүдө. Сабизге болгон бааны дайыма көзөмөлгө алуу зарыл", - деп айтылат билдирүүдө.

Жашылча-жемиш жана малга тоют сатуучу базарлар атаандаштыкка жөндөмдүү жана монополиялык структуралары жок. Министрлер кабинети социалдык маанилүү товарларга мамлекеттик жөнгө салууну киргизген учурларды кошпогондо мамлекеттин кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-07-14 21:20:11
Базарларда 85с болуп атат арзандаш учун кунуго текшерууго алыш кк.
+1
Dembele84
2021-07-14 22:48:15
Сразу текшериш керек эле которулгонуно бир ай болду, эми сабиз быша баштаганда чыгып алып арзандаткан киши больогула,сабиз итак эле арзандайт мындан ары
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан