
"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту жайкы туристтик мезгилин утурлай, 15-июлда Москвадан алгачкы каттамды тосуп алат. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Москва-Тамчы-Москва маршруттук каттамы аптасына 3 ирет - дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.
"Урматтуу жүргүнчүлөр, "Манас" эл аралык аэропорту авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатууга да тиешеси жок. Баа саясатын авиабилеттерди ишке ашырган авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныкташат", - деп билдиришти мекемеден.