Коңшу Казакстанда кургакчылыктын айынан тоют аз болуп жаткандыгына байланыштуу Мангистау облусунун тургундары жылкыларын жана төөлөрүн картон менен азыктандырып жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, тоют аз болуп жаткандыгына байланыштуу тургундар кадимки картонду сууга аралаштырып жумшартып, тоютка аралаштырып берип жатышат. Картон менен аралаштырылган тоют сиңимдүү болору айтылды.
Буга чейин тоюттун жоктугуна байланыштуу Казакстанда төөлөр картон жеп жаткандыгы кабарланган.
Казакстандын Ветеринария дирекциясынын маалыматы боюнча, май айынын аягында Мангистау облусунда 1 миң 100 жылкы ачкалыктан өлгөн. Көптөн бери аймактарда жаан-чачын жаабай, жайыттар күйүп, тоют жок болууда.