Ош. Шаарда жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 604тү түзөт

Ош шаарында бүгүнкү күндө социалдык жөлөк пул алуучулардын саны 604 үй-бүлөнү түзүп, жалпысынан 1 463 өспүрүм баланы камтыйт. Ал эми социалдык жөлөк пулдун орточо суммасы 525 сомду түзөт. Мындан сырткары, Ош шаардык социалдык-маданий өнүгүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 2013-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардамдарга 5 миллион 200 миң сом жумшалган. Ал эми мамлекет тарабынан материалдык жардамдарга 12 миллион 700 миң сом каралган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан