Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишин сынга алып, төмөндөгүдөй суроо берди:
"Сизге социалдык тармактарда врачтар ачык эле сизге кайрылып, саламаттыкты сактоо тармагында ката-кемчиликтерди, өзүңүздүн кемчиликтериңизди айтып жатышат. Сиз аларга кандай реакция кылып жатасыз?",- деди Примов.
"Мага эч ким каталарымды ачык айтып кайрылган жок. Эгер айтса, мен оңдомокмун", - деп жооп берди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.
"Социалдык тармакты ачып бир карап коюңуз", - деп кошумчалады Примов.