"Мал-жандыктары менен". "Талибан" кыймылынын коркунучунан Ооганстандагы этникалык кыргыздар Тажикстанга качып өттү

Ооганстандын бир нече аймагына көзөмөл кылып жаткан "Талибан" кыймылынын коркунучунан улам Ооганстандагы этникалык кыргыздардын тобу мал-жандыктары менен кошо Тажикстанга качып өттү. Бул тууралуу Тажикстандын УКМКсына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Андагы маалыматта, этникалык кыргыздардын тобу болгон 77 адам Ооганстандан Тажикстанга кечээ, 13-июль күнү кечке жуук өткөн. 77 адамдын 26сы эркек, 20сы аял жана 31и жаш балдар болгон.

"Тажик чек арачылары гуманизм принцибин эске алуу менен, Ооганстандын качкындарынын Тажикстандын аймагына өтүшүнө уруксат беришти", - деп билдирген Тажикстан УКМКсы.

Этникалык кыргыздар чек арадан өздөрү менен кошо мал - миң баш майда жандыктар, 300 топоз, 3 төө жана 30 жылкы алып өткөнү белгиленди. Алар кесип өткөн чек ара аймагындагы кырдаал тажик чек арачылары тарабынан көзөмөлдөнүп жатканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
emirchik
2021-07-14 18:58:00
Жапаров эмнени карап отурат Кыргызстанга Алып келбейби не деген бул Талиптер аябайт эчкимди
+5
fak
2021-07-14 19:45:38
Кыргызстанга алып келишсин
+5
Asmat84
2021-07-14 20:48:42
Ай боордоштор ай ушу тажиктерден жакшылык күтпөй эле койбопсуңар. Эртең эле мал жандыгыңарды алып тоноп кетирбесе болду. Бул лөлүлөргө ишенбегиле. Орозонун күнүндө жаш наристелерди өлтүргөн рахмон жакшылык кылат беле. Андан көрө ошол талибандарда боор болуш керек Ушунча келишкен экен биздин бийлик бул жака эле алып келишпейби десең
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан