Камила Талиева: "Ооганстандагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардамды өз убагында жеткиришибиз керек"
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева 28-октябрда айрым министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери менен чогулуш
өткөрдү. Анда Ооганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга
гуманитардык жардам жөнөтүүнү уюштуруу маселеси каралды. Өкмөттүн басма сөз
кызматынын маалыматына ылайык, чогулуштун катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдөн кийин
вице-премьер жардам өз убагында жеткирилиши керектигин белгиледи.“Аба ырайы
өзгөрүп жатат. Тоолуу аймактардын шартында бул кыйынчылыкты жаратышы мүмкүн. Ар
бир күн кымбат болгондуктан, гуманитардык жардамды өз убагында жеткиришибиз
керек”,- деди Талиева. Азыркы учурда Ооганстандын Чоң жана Кичи Памиринде
1200гө жакын этникалык кыргыздар жашайт.