Кечээ, 14-июлда Армения менен Азербайжандын чек арасында атышуу болуп, анын кесепетинен бир армян аскери каза болду. Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ок атышуу түшкө жуук орун алган. Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрү позицияларды жакшыртуу иштерин жүргүзүүгө аракет кылгандыгын билдирген.
"Армян тарап душманды ушул аракеттерди токтотууга чакыруу үчүн бир катар чараларды көргөн. Буга жооп кылып Азербайжан аскерлери армяндардын позицияларын бутага алышты", - деп билдирген Армениянын Коргоо министрлиги.
Ок атышуудан оор жаракат алгандар дагы бар экени айтылууда.
.