19-июлдагы жумушчу күнү 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулат. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мындай чечим мамлекеттик бюджеттен каржыланган, аптасына беш күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.
"Республикада 20-июлда Курман айт майрамы белгиленет. Буга байланыштуу 19-июлдагы жумушчу күнү 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулат. Жарандар ушул жылдын 17-июлунан тартып 20-июлуна чейин эс алышат", - деп айтылат билдирүүдө.