"Кыргызстанды 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү программасынын" долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Долбоорго сын айткан депутаттардын бири Эркингүл Иманкожоева болду. "5 жылда кайсы облус кандайча өзгөрө турганын бул документке даана жазыш керек. Документ менен таанышып чыгып, бул программанын арты менен облустар кантип өзгөрө турганын көрө алган жокмун. Ушундай. Төө буурчак менен таанымал болгон Таласка картошканы кайра иштетүүчү завод курганы жатабыз. Мындай заводду Таласка эмес, картошка көп өндүрүлгөн Ысык-Көлгө куруш керек",- деди Иманкожоева.
Парламенттик угуу уланууда.