
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенованын жолдошу каза болду. Ал март айынан бери ооруп жүргөнү куудул Назира Жетигенова тарабынан белгилүү болду.
"Жездем кечээ, 14-июлда кечинде каза болду. 49 жашта болчу. Ушул жылдын март айынан бери ооруп жүргөн. Дарыгерлер так диагноз коё алышкан эмес", - деди ал.
Алина Жетигенова менен жолдошу 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишкен.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Алина Жетигенованын жолдошунун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.