Эркин Алымбеков: "Жантөрө Сатыбалдиев авиакомпанияларды "крышевать" этип жатат"
Бүгүн, 29-октябрда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча парламенттик угуу учурунда депутат Эркин Алымбеков премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев авиакомпанияларды "крышевать" этип жатканын айтып чыкты. Айтымында, премьер-министр жана Транспорт министрлигинин жетекчилиги Москва багытын тейлеген авиакомпанияларды "крышевать" этет. "Буга чейин түркиялык авиакомпаниялар билет бааларын көтөргөн. Атаандаштыктын негизинде баалар 2 эсе арзандады, бирок Москва багыты боюнча баалар ошол бойдон. Жантөрө Сатыбалдиев калкалаган авиакомпанияларга өлкөнүн ар бир жаранынын чөнтөгүнөн 300 доллардан жумшалууда. Парламент өкмөттүн мындай саясатына өз баасын бериш керек",- деди Алымбеков.