Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Баткен облусунда болуп, эл менен жолугушууларды өткөрүп, салынып жаткан турак үйлөрдүн курулушу менен таанышты.
"Үмүт булагы" коомдук фондунун маалыматына караганда, Баткен облусуна жасаган сапарынын алкагында Айгүл Жапарова 28-29-апрелдеги чек ара чыр-чатагында каза тапкандардын үй-бүлөлөрү үчүн курулуп жаткан турак жай объектилерин кыдырып чыкты. Социалдык шаарчанын курулушу Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары 7-8–июлда "Үмүт булагы" коомдук фондунун өкүлдөрүнүн жана биринчи айымдын Баткен облусунун Максат жана Ак-Татыр айылдарында убактылуу чатырларда жана тез курула турган үйлөрдө жашап жаткан үй-бүлөлөр менен таанышуу жолугушуусу болуп өттү.
Бул жолугушуу учурунда аялдар жана балдар менен аңгемелешүүлөр өткөрүлүп, аларга психологиялык жана гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Андан тышкары ушул жылы алгачкы ирет мектепке бара турган балдарга белек баштыктар тапшырылды.
Фонддун директору Айгүл Жапарова калкка ыраазычылык айтып, жер-жерлердеги аялдарды жана балдарды ар тараптан колдоого даяр экенин билдирди.