Ош. Каада-салттарды өткөрүүдөгү чыгымдарды кыскартуу боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү

Бүгүн, 29-октябрда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коллегиялык жыйын болуп өттү. Күн тартибинде эки маселе каралды: облус аймагындагы каада-салттарды өткөрүүдө келтирилген ыксыз чыгымдарды кыскартуу жана облустун январь-сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн кароо. Жыйынга облус аймагындагы  райондордун жетекчилери, диний өкүлдөр, райондук кеңештин депутаттары, өкүлчүлүктүн кызматкерлери катышты. Алгач өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков чыгып сөз сүйлөп, ал өз докладында: "Учурда маркумду акыркы сапарга узатууда келтирилген чыгымдар калкка кедергисин тийгизүүдө, мисалы, жыртыш, көр казгандардын энчиси, маркумдун денесин жуугандарга, жаназасы, чай ичирүү, себет... Булардын баары ыксыз чыгымдарды талап кылган расмилер",- деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан