WhatsApp тиркемесинин эски функциялары жаңыланды

WhatsApp мессенжеринин жаңы версиясында баарлашуу учурунда колдонуучуга керектелген баскычты табуу жөнөкөйлөштүрүлдү. Тиркеменин иштеп чыгуучулары чалуулар бөлүмүнө айрым жаңыртууларды кошуу менен эски функцияны жаңылаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Өзгөртүүлөр видео жана аудио чалууларга киргизилип, жаңы интерфейс FaceTime колдонмосуна окшош. Маалыматтарга ылайык, сүйлөшүү учурунда колдонуучуга керектүү баскычты табуу жөнөкөйлөштүрүлдү.

Экинчи маанилүү өзгөрүү топтук чалууларда болгон. Эми колдонуучулар топтук сүйлөшүүлөргө каалаган мезгилинде кошула алат Тагыраагы, тиркемени ачканда колдонуучуга топтук сүйлөшүү болуп жатканы тууралуу билдирүү берилип, "кошулуу үчүн басыңыз" деген кызмат пайда болду. Жаңыланган функция колдонуучуларга качан жеткиликтүү болору азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан