Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаровду соттогон судья Жаңыл Мамбеталы кызматтан кетти

Жогорку Соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Ага ылайык, Жаңыл Мамбеталы өз каалоосу менен арыз жазган. Президент Садыр Жапаровдон Жаңыл Мамбеталынын арызын карап берүү үчүн сунуш келип түшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина судья кайда экенине кызыкты. Анарбек Калматов ал өз каалоосу менен жыйынга келбегенин жана бул анын укугу экенин билдирди.

Ошондой эле Карамушкина судьялардын азыркы учурдагы иш процесси түшүнүксүз болуп жатканын, мындан тышкары Жаңыл Мамбеталы буга чейин Садыр Жапаровду соттогон судья экендигин кошумчалап өттү.

Жогорку Кеңештин жыйынында сунуш колдоо тапты.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 22-сентябрынан тартып Жогорку Соттун судьясы болуп эмгектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-07-15 12:47:18
Эми ушул судьяны соттош керек
Жизнь бумеранг
+8
jazmina909090
2021-07-15 15:22:37
Эми бул да жогор жактын приказын аткарды да
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан