Биз социалдык тармакта

Аксы: Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев селден жабыркагандарга 500 миң сом берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Аксы районунун сел жүргөн Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарынын селден жабыр тарткан жашоочуларына 500 миң сом акчалай жардам берди. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Тай-Мурас Ташиев акчалай жардам үй-бүлөсүнүн атынан экенин айтып, каза болгондордун жакындарына көңүл айткан.

12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол айыл аймагындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдын кесепетинен Жолборсту сайында сел жүрүп, 7 адамды агызып кеткен (бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү менен 12 жаштагы бир бала). Мындан сырткары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында көчөдө ойноп жүргөн 2016-жылы туулган баланы агызып кеткен.

Жалпысынан 8 адамды сел агызып, анын ичинен 6 адам табылган. 13-июлда каза болгондордун сөөгү жерге берилди.

Тай-Мурас Ташиев селден жабыркагандарга 500 миң сом берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nurka_85
2021-07-15 19:14:36
Атадан артык уул бологой!!!
+4
Gulina90
2021-07-15 19:35:52
Азамат депутаттардан тузук экен элге берсе,кудай берет.
+4
Dembele84
2021-07-15 20:05:14
Мамлекеттин акчасын алып кайра элге берипсин молодец,а почему атасы ГКНБ га начальник боло электе мындай иштерди кылбады странно!?Жок жерден эле Садырдын аялы и Ташиевдин баласы ачылып чвга калышты!
+2
NURSAPAR
2021-07-15 21:29:27
Азамат эл уулу!!! Ушундайыңдан жазба!!!
+4
kazakov1991
2021-07-15 21:36:21
Атан милядрттарды кустуруп атат кайда кеткени дайыны жок, элге бер кобуроок кийин азыраак кусасынар.
-1
zamir_kgz
2021-07-15 22:25:16
Өз көзүң менен көрбөсөң ишенбейсин, бизнесте тоскоолдук жок болсо эле сооп ишке жумшаганы акча табыла берет. Бирок аралаштырбай эле койбоптур саясатка, Кыргызда кеп бар көз тиет дегендей...
+1
souza.j
2021-07-16 12:53:08
Каяктан алган. Кай жерде иштейт. АК эмгек менен мынча Акча табуу мумкун эмес крда
+1
nazira...
2021-07-16 17:47:35
Азамат, дайыма ушинтип жардам берип келет. Ташиев да канчалаган адамдарга реклама кылбай эле жардам берген, атасын көрүп баласы да жакшы чыгыптыр. А то кимиси көтүн көтөрүп атат, отурушат көтүн таразага коюп, сындагандан башка бок да жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан