Биз социалдык тармакта

Ооганстандан Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздарды өлкөгө алып келүү пландалууда

"Талибан" кыймылынын коркунучунан улам Ооганстандан Тажикстанга кире качкан этникалык кыргыздарды өлкөгө алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, министрлик БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын кеңсесине этникалык кыргыздарды эвакуациялоону уюштурууга колдоо сурашкан. Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине этникалык кыргыздардын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынан үзгүлтүксүз өтүүсүнө көмөктөшүү өтүнүчү менен нота жөнөткөн.

Учурда бул маселе президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын көзөмөлүндө. Тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилген.

Ооганстандан Тажикстанга качып өткөн этникалык кыргыздардын саны 300дөн ашык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-07-15 17:50:29
жакшы болот эле алып отушуп жакшы шартарды тузуп беришсе
+4
sagynbek.apyshev
2021-07-15 18:18:51
Баракелде, эрте менен тажикистанга качып келди дегенди окуганда өзүбүзгө эле алып келсе жакшы болмок деп ойлонуп койдум эле
+8
Gulina90
2021-07-15 18:21:38
Алып келип алыш кк Бир боорубуз да.
+5
Mister-XXX
2021-07-15 18:48:14
Эгер Кыргызстанга келсе,жер-жемиш өсө турган жерге жайгаштыргылачы.Чоң Алайда картошкадан башка эч нерсе бышпайт.Алар жер-жемиш эгип жегенди жакшы көрүшөт.
+2
Gulina90
2021-07-15 18:52:03
Mister-XXX,озгонго же оштун араванына жайгаштырыш кк .
+3
Jacob.
2021-07-15 19:50:09
Mister-XXX, ал жактын атмосферасына зорго конушту ысык деп, араван же озгон тарапта жашай алышпайт...
+2
ruslankg
2021-07-16 00:47:38
Араван менен өзгөндө ээрип кетишет алар
+1
Bekish_94
2021-07-16 10:53:18
Соонун болмок, кош колдоп колдойм!
Кыргыз бөтөн жерде кор болбошу керек.
0
nazira...
2021-07-16 17:49:29
Ии ошенткилечи, шылтоо менен келип алышсын. Жакшы болот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан