Грузияда Михаил Саакашвилинин доору бүттү

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө президентин шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, "Грузия кыялы" партиясынын өкүлү Георгий Маргвелашвили шайлоочулардын 62,12 пайыз добушун алуу менен Грузиянын жаңы президенти болуп шайланды. Инаугурациясы 17-ноябрда болот. 

Экинчи орунду мөөнөтү бүтүп бараткан учурдагы президент Михаил Саакашвилинин партиясынын өкүлү Давид Бакрадзе (шайлоочулардын 21,72 пайыз добушун алды), 3-орунду өлкө парламентинин мурдагы спикери Нино Бурджанадзе (10,18 пайыз добуш менен) ээледи. Өлкө башчысын тандоого шайлоочулардын 46,91 пайызы катышканы айтылды.  

 

Айта кетсек, президенттик шайлоого 23 талапкер катышты. Өлкө мыйзамына ылайык, Михаил Саакашвили 2008-жылы экинчи мөөнөткө президент болуп шайланганы үчүн бул жолку жарышка катыша алган жок.   

 

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан