Биз социалдык тармакта

Казакстанда жигит сүйлөшкөн кызынын колун суу астынан сурады (видео)

Социалдык тармактарда Казакстандын Актау шаарында Каспий деңизинин түбүндө сүйлөшкөн кызынын колун сураган жигит талкууга түшүп, көпчүлүктүн алкоо сөзүнө татыды.

Маалыматка ылайык, сүйүшкөндөр "Тайфун" дайвинг борборунда 14-июль күнү суу астына саякатка чыгышкан.

Видеодон кыз-жигиттин суу астынан кулпуланган кутучага туш болгонун көрүүгө болот. Анын ичинде кыпкызыл роза гүлдөрү менен "Мага турмушка чыкчы" деген жазуу болгон. Кыз "Ооба" деген жазууну көрсөткөн соң жигит сүйгөнүнүн колуна шакек таккан.

Интернет колдонуучулары кыз менен жигитке бакыт каалап, жигиттин эр жүрөк экендигин жазышкандар арбын болгон.

Казакстанда жигит сүйлөшкөн кызынын колуун суу астында сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан