Бүгүн, 15-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 433 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 15-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 433 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 828 метр куб, агып чыгышы 394 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 14-июлда суу сактагычта 11 миллиард 396 миллион метр куб суу бар болчу.