Министрлик 7-ноябрды майрамдоо алкагында 4 күн эс алууну сунуштап жатат

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 7-ноябрь - Улуу Октябрь социалисттик революция күнүн белгилөөгө байланыштуу 4 күн эс алууну сунуштап жатат. Маалыматка ылайык, 7-ноябрь бейшемби күнгө туш келгендиктен, 8-ноябрь (жума) жумуш күнүн 2-ноябрь - ишемби күнгө жылдырып, 4 күн катары менен 7-10-октябрь аралыгында эс алуу айтылды. Иш күнүн жылдыруу боюнча токтом учурда өкмөттүн кароосунун алдында турат. 

Буга чейин аталган министрлик 7-ноябрды майрамдап, белгилебөө cунушун коомдук талкууга алып чыккан. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси тууралуу мыйзам долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документте “1990-жылга чейин бул Советтер Союзунун башкы майрамы болуп келген. Аны 7-8-ноябрда белгилешип, 7-ноябрда шаарлардын борборлорунда аскердик парад менен коштолгон. Борбордук Азияда бул майрамды Кыргызстан гана белгилеп келет. Ушуга байланыштуу 7-ноябрды  майрам   күндөрдүн тизмесинен чыгарып, эскерүү даталардын катарына киргизүү сунушталат деп айтылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан