Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүнө келген Илья Варламов 10 сомдон алган баштыктарды Орусияга алып барып 100 рублдан сатарын айтты

Кыргыз өлкөсүнө келген орусиялык журналист жана блогер Илья Варламов Бишкектен баштыктарды 10 сомдон сатып алганын айтып, кийинчерээк баштыктарды орусиялыктар 100 рублдан алууга даяр экенин айтты. Мындай видеону Варламов Инстаграм баракчасындагы "Stories" бөлүмүнө жарыялады.

"Мыкты сапаттагы баштыктарды алдым. Мындай баштыктар Москвада жок. Мен бул баштыктарды 10 сомдон сатып алдым. Ал эми мага баштыктарды 100 рублдан сатуумду суранып жатышат. Эмнеге Кыргыз өлкөсү бул баштыктарды Орусияга экспорттобойт?", - деди Варламов.

Интернет колдонуучулар Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн баштык үчүн ар кандай сумманы сунушташкан.

Илья Варламов Кыргыз өлкөсүнө былтыр, 2020-жылдын сентябрь айында келип кеткен. Анда анын Бишкек шаарындагы Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа тыгыны боюнча айтканы кызуу талкууга алынган. Анда ал айдоочулар унаа тыгынына карабай сигналдарын басып жатканын, патрулдук милицияга баш ийбей жаткандыгын айтып таң калган. Мындан тышкары Бишкектин инфраструктурасын кескин сынга алып, бирок жашоочулардын меймандостугу тууралуу оң пикирлерин айткан 1 сааттык видеоберүү даярдаган.

Илья Варламов Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн баштыктарга кызыкты
Илья Варламов Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн баштыктарга кызыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
suban78
2021-07-16 03:57:06
Сурочно мин баштык жоноткуло Москвага, мен тосуп алам. Пайдасын тен болушобуз.
+3
Shabi
2021-07-16 09:29:11
Ош базардагылар,пакетти кымбаттатып жибербесе болду эми.
+2
Gulina90
2021-07-16 09:43:47
Биздикилер сразу 20с которот Эми.
+3
Rachki
2021-07-16 10:42:02
Сабиз, чөп.... Эми баштык 'тема' болбосо эле
0
bond
2021-07-16 10:50:05
Кычкачты укканда эмне дейт экен.
0
Adi010891
2021-07-16 11:49:31
bond,аны укпасын, кокус угуп алып журогу кармап калбагай эле
0
Marni
2021-07-16 13:05:51
Пакеттин шылтоосу менен Кыргызстандын асыл тукум жылкыларын, жаратылышынын кооздугун жарнамалап, туризмге салым кошуп жаткан Варламовго алкыш.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан