Активисттер Токмок шаардык кеңешке болгон кайталап шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууну талап кылышууда

Токмок шаардык кеңешке болгон кайталап шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, жарандык активисттер шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууну талап кылышууда.

Активисттердин бири Чолпон Сыдыкованын айтымында, 11-июлдагы шайлоо деле 11-апрелдеги шайлоо сыяктуу таза эмес өтүп, шайлоочуларга пара берүү фактылары көп катталган.

"Шайлоо "Патриот Ынтымагы", "Бирге" жана "Эл Биримдиги" партиялары тарабынан мыйзам бузуулар менен коштолду. Бир мисал айтсам, 3-кичи районунда "Эл Биримдиги" партиясынын талапкери Тынай Сансызбаев тарабынан акча таратуу фактысы болгон, адамдар аны өздөрү кармап, укук коргоо органдарын чакырганда, ал жерге Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев келген. Токмок шаарынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери ага баш ийишип, эч кандай мыйзам бузуу фактыларына чара көрө алышкан эмес. Бул шайлоо 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон дагы кир өттү, ошондуктан шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек", - деди Сыдыкова.

Алдын ала жыйынтык боюнча, Токмок шаардык кеңешине ат салышкан 6 партиянын ичинен 7 пайыздык ченемден 5 партия өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан