11-июлда Токмок шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышкандардын саны 44,55 пайызды түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмок шаардык кеңешине ат салышкан 6 партиянын ичинен 7 пайыздык ченемден 5 партия өттү. Алар:
"Бирге-Вместе" - 28,27 пайыз;
"Эмгек" - 24,82 пайыз;
"Асыл мурас-жаштар" - 16,66 пайыз;
"Патриот ынтымагы" - 13,69 пайыз;
"Эл биримдиги" - 12,13 пайыз;
"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 1,65 пайыз алып, 7 пайыздык чекти басып өтө алган эмес.