Темир Сариев: “Түз инвестиция тартуу үчүн Кыргызстанга 3 миллиард доллар керек”
Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүктүрүү программасына өтүү долбоорун
талкуулап жаткан парламенттик уктурууда экономика министри Темир Сариев “Биздин
экономика түз инвестицияга муктаж болууда. Ал үчүн Кыргызстанга 3 миллиард
доллар керек” деп билдирди. Анын айтымында, программаны ишке ашыруу үчүн 783
миллиард сом керек болсо, мамлекеттик казынадан 212 миллиард сом, мамлекеттик
инвестициялык программалардан 57 миллиард сом жана донорлордун эсебинен 147
миллиард сом бөлүнөрү пландалууда. Мындан сырткары өлкөдө бир нече чоң
долбоорлор ишке кирсе, мамлекеттин экономикасын 2-3 эсеге көтөрсө болот деп
кошумчалады министр. Программада “Манас” аэропортун эл аралык деңгээлге көтөрүү,
Баткен, Ош жана Тамчыдагы аэропортторду оңдоо иштери жана жолдор боюнча бир
катар долбоорлор каралган. Миграция маселесине токтолуп, өлкөдө 300 миң жумуш ордун түзүү каралганын айтты. “Жазында
ГЭСтин жогорку Нарын каскадында 1800 адам бир смен менен иштеп баштаса, 3600
адам жумуш менен камсыз болот”,- деди Темир Сариев.