Биз социалдык тармакта

Алкоголдук ичимдиктерди "Манас" эпосунун каармандарынын атынан атоого тыюу салуу долбоору даярдалды

Кыргыз өлкөсүндө алкоголдук ичимдиктерди "Манас" эпосунун каармандарынын атынан атоого тыюу салган долбоор даярдалды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоору талкууга чыгарылганын кабарлашты.

"Парламентте бул маселе көтөрүлүп, министрлик тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, талдоо жүргүзүлгөн. Анда алкоголь жана тамеки өнүмдөрүндө "Манас" үчилтигинин каармандарынын ысымын колдонууда жоопкерчиликти караган эрежени киргизүү зарылдыгы, жыйынтыгында алкоголдук жана тамеки каражаттарына "Манас", "Семетей", "Сейтек" терминдерин колдонууга тыюу салуу каралган. Учурда бул долбоор тиешелүү жактарга кароого жөнөтүлдү", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2021-07-16 13:48:03
Колдонбош керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан