
Экс-депутат Жылдызкан Жолдошеванын апасы каза болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына тастыктады.
Маалыматка ылайык, апасы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айыл өкмөтүнүн Мады айылында 94 жаш курагында көз жумган. Бүгүн акыркы сапарга узатылат.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жылдызкан Жолдошеванын апасынын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.