Биз социалдык тармакта

"Достор, мени жоготпогула, мен "даканса" туруп бергем". Жапыкеев оорусу күчөп жатканын жазды

Мурдагы Финполдун төрагасы, Ысык-Көл облусунун мурдагы прокурору Сыймык Жапыкеев кант диабети менен жабыркап жатканын байланышканыбызда SUPER.KG порталына билдирди.

Анда ал акыркы 10 жылдан бери бул илдет менен алышып келе жатканын айтты.

"Достор, мени жоготпогула, мен элим үчүн "даканса" туруп бергем. "Чоң Казат" өз милдетин аткарды. Менин кант диабетим күчөп, буттарым ооруп, кээде кыймылга келбей жатат. Мен саясатка көңүл бурууга акыбалым келбей жүрөт. Элимдин алдында жүзүм жарык, элиме чоң ыраазычылык билдирем.

30 жыл Кыргыз өлкөсүн мен чөгөлөткөнсүп, талкалагансып, азык-түлүктүн баасын мен көтөргөнсүп мени жемелешкендер аман болсун. Кудай буюрса, ден соолукту чыңдап анан мамлекетке, элге кызмат кылганга даярмын", - деп жазат Жапыкеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
al-abu-kinesz
2021-07-16 14:34:54
Сыймык байке сиз элдин сыймыгы экендигинизди эч качан унутпайбыз, Аллах шыпаасын берсин!!
+3
rysik79
2021-07-16 15:14:12
Деп койду.
0
modem4999
2021-07-16 15:21:59
Иштегенде деле эмнени кыйраттын, ден соолукту эле жакшы кара
-4
Nur-sultan
2021-07-16 18:57:53
Чайга шекер салбай ич
+5
Luntik
2021-07-19 09:16:44
Аыйыгып кетсин,мен да жаман коруп калгам, бирок алсыз адамды табалоо жакшы адамдын кылыгы эмес,айыкпас дарт болбойт, жанылбас жаак болбойт Сыймык Жапыкеев кудай шыпаасын берип айыгып кетиниз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан