
Бишкектин Жал кичи районундагы аварияга байланыштуу 29 үй ысык суусуз калды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, учурда "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын оңдоо бригадасы жеринде иштеп жатат.
"Бир нече сааттын ичинде оңдоо иштери аяктап, ысык суу берүү калыбына келтирилет", - деп билдиришти шаардык мэриядан.
Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жашоочулардан кечирим сурайт.