Ош шаарындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан “Мыкты айдоочу” жана “Мыкты маршруттук каттам” конкурсу жыйынтыкталды. Аталган агенттиктин жетекчиси Шайлообек Атазовдун айтымында, шаардагы №127-маршруттук каттам “Мыкты маршруттук каттам” деп табылды. Ал эми “Мыкты маршрут” наамына №125 маршруттук каттамдын айдоочусу Дилмурад Алаберди уулу татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары Шаардык жаштар иштери боюнча комитети эң жаш айдоочуларга өзүнүн белектерин тапшырды. Транспорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап атайын концерттик программа жана түшкү сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.