Орусияда абага көтөрүлгөн дагы бир АН-28 учагы дайынсыз жоголду

Бүгүн, 16-июлда Орусиянын Томск облусунун Бакчарский районунда бортунда 17 кишиси бар АН-28 учагы дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, учактын бортундагы 17 кишинин 3өө экипаж мүчөсү болгон. Учак Кедровый-Томск багыты боюнча абага көтөрүлгөн. Учак абага көтөрүлгөндөн кийин авариялык сигнал берген. Учурда учакты издөө иштери башталды. Издөө иштерине тик учактар тартылган.

6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары болгон. АН-26 учагын издөө иштерине деңиз кемелери, тик учактар тартылган. Кийинчерээк деңизден учактын бортундагы бардык адамдардын сөөгү табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан