Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Кеңешме онлайн режимде өтүп, ага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев жана борбордук аппараттын бөлүм башчылары катышты.
COVID-19 илдети башталгандан бери камактагылардын арасында 47 соттолуучу илдетти жуктуруп алган.
Жалпысынан мекемелердин ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп белгиледи.