Орусиянын Камчатка жарым аралында АН-26 учагынын кулашына экипаждын жакындап келүү схемасын бузганы себеп болгон. Бул тууралуу Орусиянын Аба транспорту агенттигине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Андагы маалыматта, учкучтардын ката кетирүүсүнүн себеби коюу булут жана катуу шамал болгон. Диспетчер учкучтарга 800 метрге чейин ылдый түшүп кеткенин эскертип, өйдө көтөрүлүүсүн айткан. Бирок ага карабастан учкучтар 600 метрге чейин ылдый түшүп, аскага урунган.
6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары болгон. АН-26 учагын издөө иштерине деңиз кемелери, тик учактар тартылган. Кийинчерээк деңизден учактын бортундагы бардык адамдардын сөөгү табылган.